Новости

2021-жылдын 30-августунда К. Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттери биргеликте « Кыргыз Респуб-ликасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы: эгемендүүлүк жана мамлекеттүүлүк, руханий адеп-ахлактык салттар, модернизациялоо» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясын өтүштү. К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун проректору К. Ж. Зиялиев илимий-практикалык конференцияны ачып, жалпы катышып жаткан меймандарга, уни-верситеттин профессор-окутуучулар жамаатынын мүчөлөрүнө ыраазычылык жана конфе-ренциянын ийгиликтүү ѳтүшүнө каалоо-тилегин ЫМУнун ректору А.А. Иманбаевдин атынан билдирип кетти. Жогорку деңгээлде ѳткѳн илимий-практикалык конференциянын катышуучуларына жана меймандарына, ошондой эле аны уюштуруу, өткөрүү иштерине олуттуу салым кошкон ЫМУнун жана КМУнун кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз.