Новости

К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун окутуучулар жамааты жана кызматкерлери жайкы эс алуудан соң жумушка чыгышып, 2-сентябрда санитардык эрежелерди сактоо менен “Толкун” маданий-эстетикалык борборунда жалпы жыйын уюштурулду. Алгач университетибиз атын алып жүргөн кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, биринчи кызыл профессор Касым Тыныстанов атабыздын 120 жылдыгына арналган видеотасма корсотулуп, эскеруу болду. Андан соң ректор А.А.Иманбаев 6 айда аткарылган иштер тууралуу кеңири маалымат берди. Оптимизациялоонун жыйынтыгы менен структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу жаңы кызматтык дайындоолор тааныштырылды. ЫМУнун бириккен профсоюздар комитетинин торагасы К.Алымбаев жайкы эс алуунун уюштурулушу жөнүндө айтты. Жыйындын соңунда Каракол шаарынын санитардык эпидемиялогиялык станциясынын кызматкерлери Covid илдетине каршы вакцинациялоонун зарылдыгы тууралуу айтып беришти.