2021-жылдын 22-сентябрында ЫМУнун бириккен профсоюздар комитетинин жана ардагерлер кеңешинин бириктирилген отуруму болуп өттү. 11 жыл ЫМУнун ардагерлер кенешининин төрайымы болгон Жаркын Тутаева өз каалосу менен кызматын өткөрүп берди. Жаркын эжеге ыраазычылык сөздөр айтылып облусттук профсоюздар кеңешинин “Эмгек ардегери” төш белгиси тапшырылды. Ал эми ардагерлер кеңешинин жаңы төрагасы болуп университетибизде көп жылдар бою жөнөкөй окутуучудан баштап кафедра башчы, декан кызматтарында иштеп жүргөн Жекшебай Мамыров шайланды. Университетибиздин эң улуу ардагери, филология илимдеринин доктору, профессор Акеш Иманов Жекшебай Мамыровичке кааалоо тилектерин айтып батасын берди.