К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжи акыркы жылдары динамикалуу өнүгүп жаткан университеттин структураларынын бири. Жайкы эс алуу учурунда колледжде ремонттук иштер жүргүзүлүп, жаңы окуу жылына мыкты даярдыктар көрүлдү. Бугун 22-сентябрда колледжде жыйындар залынын ачылыш аземи болуп, университеттин көчмө жыйыны өттү. Алгач конокторду колледждин директору Гуляим Изагалиевна Абыласынова фоеден тосуп, “Билим деңизи” тактасына каалоо тилектерди жаздыруу менен баштады. Андан соң жалпы имаратка экскурсия уюштурулуп, жаңы жасалгаланган аудиторияларды жана класстарды көрүүгө шарт тузулду. Экскурсиядан кийин жыйындар залдын ачылыш аземи болуп, колледждин мурдагы абалы жана азыркы учурдагы абалы тууралуу видеоролик көрсөтүлүп, жакшы каалоо тилектер айтылды. Гуляим Изагалиевна Ректор Аскар Асангазиевичке жамааттын жана студенттердин атынан ыраазычылк билдирип символикалуу белек тапшырды. Жыйындын соңунда туризм багытынын студенттери тарабынан практикалык тапшырма катары кофе-брейк даярдоо боюнча мастер класс көрсөтүлдү.