Тудва

Долбоордун негизги максаттарынын бири “Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы” курсун жайылтуу.
16 жумалык курска 9 өлкөнүн 72 университетинен 3,150 студент катышат.
Бул долбоор түрк дүйнөсүнүн жаштарын бири -бирин жакындан таанып, бир туугандыгын бекемдөөгө жана бардык тармакта чогуу иш алып баруусу үчүн түзүлгөн.
Ачылышында 1-лекцияны Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору проф. Dr. Алпаслан Жейлан жана ректордун милдетин аткаруучу проф. Dr. Асылбек Кулмырзаев ачып берди. Курсту эң мыкты өздөштүргөн студенттерибиз Туркия мамлекетине барууга мүмкүнчүлүк алат. Эске салсак май айында университеттердин ректорлорунун катышуусу менен «Түрк дүйнөсүнүн санарип жарандыгы» долбоорунун кызматташуу протоколуна кол коюу аземи болуп өткөн. Аталган долбоорго К.Тыныстанов атындагы ЫМУдан 10 студент катышууда.
Андан соң долбоордун координаторлорунун жыйыны өтүп уюштуруу маселелери талкууланды.