Новости

2021-жылдын 19-октябрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУга иш сапары менен Кыргыз Улуттук университетинин алдындагы Конфуций институтунун кытай тараптан директору Ан Дэюань жана кыргыз тарабынын директору Сулайманов Масалбек мырзалар келишип, окуу иштери боюнча проректор Ж.Ш.Токтакунов менен жолугушту. Жолугушуу учурунда, университетте кытай тилин үйрөтүүнүн абалы, келечекте аткарыла турчу иштер тууралуу маек курушту.
Андан тышкары 2021 -жылын 15-октябрында Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Конфуций институту уюштурган жергиликтүү кытай мугалимдери үчүн сынакка Сейталиева Нургиза Канатбековна катышып, 2-орунга ээ болгондугу тууралуу дипломдор да тапшырылды.
Коноктор Конфуций институту менен тыгыз байланышта болуп, баардык иш чараларга активдүү катышып жаткан чет тилдер кафедрасынын окутуучусу Нургиза Сейталиева жана волонтер Калыкова Нургульдун эмгегин өзгөчө белгилеп, ыраазычылыктарын билдиришти.