2021-жылдын 19-октябрында филология факультетинин англис тили бөлүмүнүн окутуучулар жамааты Ак-Суу районундагы Мамбет Мамакеев атындагы мектеп гимназиясына ЖОЖ-МЕКТЕП-ЖОЖ программасын ишке ашыруу максатында барып келишти. Алгач мектептин директору Назира Осмонбаева мектепте аткарылып жаткан иштер жана алдыга коюлган пландар тууралуу айтып, университет менен тыгыз байланышта иш алып баруу негизги багыттардын бири экенин белгиледи. Өз кезегинде университеттин өкүлдөрү ректор А.А.Иманбаевдин ЫМУнун китепканасынан берилген англис тили боюнча бир нече китептерди тапшырышып, ЖОЖ-МЕКТЕП-ЖОЖ кызматташтыгы университет үчүн да маанилүү экенин айтышты. Бул иш чара 4 багытта иш алып барды:
1. Мектеп-гимназиянын англис тили мугалимдери үчүн тренинг;
2. Бүтүрүүчү класстардын ата-энелери менен маектешүү жана кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүү;
3. Жогорку класстардын окуучуларына ЫМУнун студенттери Ахатова Нуркыз (ИА-21 тайпасы) жана Майрамбеков Самагандар (Т-11 тайпасы) тарабынан тренинг өткөрүү;
4. Билим берүү программаларын талкуулоо жана бекитүү болду;
Иш чара абдан жемиштүү болуп, 2021-2022-окуу жылына пландар түзүлдү.