Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университеттин “Жалын” элдик театрынын актер – студенттери жана Каракол шаарынын № 2 мектеп- гимназиянын таланттуу окуучулары ЫМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты, “Жалын” элдик театрынын көркөм жетекчиси, драматург Асаналиева Кыял Айбашевнанын “Закым кубалаган балдар” драмасын мектептин сахнасында коюшту. Студенттер жана окуучулар мыкты деңгээлде аткарышып, көрүүчүлөрдүн алкышына ээ болушту!
Драманын аягында Каракол шаарынын вице-мэри Г. Ж. Орозова таланттуу окуучуларды, студенттерди куттуктап, мэрдин атынан ыраазычылык кат тапшырды.