2021-жылдын 22-23-октябрь күндөрү ЫМУнун Колледжинин педагогикалык адистиктеринин студенттери жана Студенттик Кеӊеш менен биргеликте Каракол шаарында жайгашкан “ϴрнөк” мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборуна эки күндүк лагерь өкөрүп келишти. Иш-чара эки максатты көздөп, биринчи максаты билим берүү мекемелеринде инклюзивдүү окутууну ишке ашыруу болсо, экинчиси жаш муундарды рухий-адептик жана патриоттук жактан тарбиялоо концепциясынын негизинде нравалык тарбияны өнүктүрүү болду.
Биринчи күнү студенттер ар кыл багыттагы кызыктуу оюндардын коштоосу менен сабактарды өтүп, балдар менен бирге ата-энелерге дагы көӊүл бөлүндү. Апалар арасында кызыктуу жарыш оюндарын өткөрүү менен студенттер кичине болсо да алардын маанайларын жазып, эс алуу тартуулашты. Ал эми иш-чаранын экинчи күнүндө жалпы Колледждин студенттери мүмкүнчүлүгү чектелеген баладарга жана алардын апалары үчүн ыр, бий, оюн-зоок уюштуруп кечени жыйынтыкташты. Акырыныда ата-энелер студенттерге болгон ыраазычылык сөздөрүн айтышып, реабилитациялык борбордун директору Ишенбекова Нургүл Турсунгазиевна “Ыраазычылык катын” тапшырды.