2021-жылдын 21-октябрында ЫМУнун Колледжинин жалпы студенттери жана окутуучулары К. Жантөшев атындагы областтык музыкалык драма театры тарабынан коюлган Ж. Кулманбетовдун “Түнкү кат” спектаклин көрүп келишти. Спектаклде эненин балага болгон чексиз сүйүүсү, күтүү, бала тарбиялоо жана ошондой эле өспүрүмдөр арасында баӊгичиликтин жайылышы, жөнөкөй эле клей жыттоо менен башталган терс адаттын арты ийне сайынуу, өлүм болуп аяктаган чоӊ трагедия менен бүтөөрү жеткиликтүү сүрөттөлүп берилген. Спектаклдин акырында студенттер жана окутуучулар сахнага чыгып өз ойлорун ортого салып, кеӊири талкуу болду. Жыйынтыктап айтканда спектакль бардык көрүүчүлөрдү тереӊ ойго салды жана жүрөгүнөн орун алып, тереӊ тарбиялык маани берди деп ойлойбуз.