28-октябрда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Кѳл мамлекеттик университеттинде «Москва кайрыктары» адабий клубунун КМШ ѳлкѳлѳрү боюнча координатору, коомдук ишмер Жамал Саабаева ЫМУнун «Каракол кайрыктары» адабий клубунун мүчѳлѳрү менен жолугуп, жаш калемгерлер менен поэзия кечеси уюштурулду. Кечеге акындар Мусакун Сатыбалдиев, Турганбек Жунушалиев, Алымкан Бекболотова, Айнура Бекболотова, Кыргый Исмаилова, ошондой эле онлайн Zoom платформасы аркылуу Москва, Ханты-Мансийск, Екатеринбург, Ош, Жалал-Абаддагы бул адабий клубдун координаторлору катышышты.

«Москва кайрыктарынын» негиздѳѳчүсү Бапанов Багыт Шериевич кеченин катышуучуларына ѳзүнүн жылуу куттуктоо сѳздѳрүн айтып, Ысык-Кѳлдүн кайрыктар тайпаларынын ѳнүгүп ѳсүшүн каалап кетти. ЫМУнун жаш таланттары ѳзүнүн калеминен жаралган ырларын окушуп, жагымдуу маанай тартуулашты. Кеченин аягында Эл аралык орус тил академиясынын дипломдору менен сыйланышты.