Жаркын агай, устатыбыз Турганбай,
Жашап өттү тайыздыкка булганбай!

2021-жылдын 11-ноябрында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде доцент Турганбай Орумбаев атындагы адабият кабинети ачылды. Иш чара маркумду мүнөттүк эскерүү менен башталып, кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан даярдалган “Жаркын агай, устатыбыз Турганбай, жашап өттү тайыздыкка булганбай!” аттуу Т.Орумбаевдин өмүрү жана ишмердүүлүгүнө, үй-бүлөсүнө арналган мазмундуу видеоролик көрсөтүлдү. Андан сон К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору А.А.Иманбаев иш чараны ачып, Т.Орумбаевдин илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү жөнүндө сөз сүйлөп, үй-бүлөсүнө кабинетти учурдун талабына ылайык жасалгалап, жабдуу иштерин жүргүзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ыраазычылык кат, сертификаттарды тапшырды. Сөз алып сүйлөгөндөрдөн филология илимдеринин доктору профессорлор Акеш Иманов, Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Курманбек Абакиров, үзөңгүлөш кесиптеши, жакын санаалашы Кубан Адиев, туугандары, кудалары, теңтуштары, чогуу иштешкен кесиптештери Т.Орумбаевдин адамгерчилиги, асыл сапаты, анын басып өткөн өмүр жолу элине сиңирген эмгеги жөнүндө сөз кылышты.
Иш чаранын акырында жубайы Шакен Калеева, уул-кыздары Элнура Орумбаева, Бектурсун, Мырзабек, Бакай Орумбаевдер сүйлөп, кабинетке Т.Орумбаевдин өздүк китепканасынан 1200 экземпляр илимий-педагогикалык, илимий-методикалык китептерди тапшырып беришти жана иш чараны уюштуруп өткөрүп жаткан ЫМУнун жетекчилигине, “Кыргыз тили жана адабияты” адистигинин жалпы жамаатына, ЫМУнун жалпы жамаатына ыраазычылык билдиришти.
Т.Орумбаевдин өмүрү илимге, педагогдук ишке жан-дили менен берилген адамдын таржымалы, анын ишмердиги. Окумуштуунун өмүр жолу-жаштарга үлгү, эмгекти сүйгөн, бекем эрктүү, аябаган туруктуу адамдын баяны. Агайды,сыртынан караганда, өтө карапайым, жупуну көрүнгөн, а түгүл бир көргөн адамга илим менен коошу жоктой сезилген, жүрүм-туруму калбаат, бирок ал илимий методологиялык чыгармачылыктын түйшүктүү дабандарын ашкан, белсемдүү окумуштуу-методист болгон. Анын адамгерчилиги, марттыгы, кара кылды как жарган калыстыгы, беттегенинен кайтпаган курч, эмгекчил адам экендиги баарыбыздын эсибизде.
Жаткан жери жайлуу болуп, кудайым бейишинен орун берсин! Турганбай агайыбыз адамгерчилиги, марттыгы, кара кылды как жарган калыстыгы, беттегенинен кайтпаган курч, эмгекчил адам экендиги менен түбөлүккө эсибизде сактала берет.