2021-жылдын 13-ноябрында Т.Орумбаев атындагы адабият кабинетинде К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун бүтүрүүчүсү, «Тойбосс» соода маркасынын негиздөөчүсү, Бек Орумбаев ЫМУда конок лекцияда болуп, катышуучуларга ата-энеси, бир туугандары, бала чагы, студенттик күндөрү, бизнесте жасаган биринчи кадамдары, бүгүнкү күндө жетишкен ийгиликтери жана алдыга койгон пландары тууралуу айтып берди. Студенттердин мазмундуу суроолоруна жооп берип, баарлашуу белгиленген мөөнөттөн да созулуп кетти. Бек Орумбаев студенттерге бир да мүнөтүн текке кетирбей, чет тилдерин үйрөнүүгө, көп китеп окууга, замандын талабына жараша креативдүү ой жүгүртүүгө жана эмгекчил болууга үндөдү. Иш чаранын соңунда окутуучулар жана студенттер Бек Орумбаевге ыраазычылыктарын билдирип, көптөгөн ийгиликтерди каалашты жана келечекте ушундай жолугушууларды өткөрүп туруу сунуштарын айтышты.