2021-жылдын 13-ноябрында филология факультетинде 1-курстардын тушоо кесүү аземи болуп өттү. Алгач студенттерди ЫМУнун окуу иштери боюнча проректору Ж.Токтакунов, куттуктап, студенттерге көптөгөн ийгиликтерди каалады. Андан соң студенттерди факультеттин деканы У.Кадыркулова жана англис тили жана аны окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы А.Ийсаева да куттуктоо сөздөрүн узатышты. Студенттер иш чарага абдан мыкты даярдыкты көрсөтүшүп, жандуу ырларды, жалындуу бийлерди, кызыктуу оюндарды “Өмүр” атту кыска спектакльди жана инструментте ойноо өнөрлөрүн көрсөтүштү. 4-курстардын студенттери 1-курстарга блектерин тапшырышып, каалоо тилектерин айтышты.