2021-жылдын 19-ноябрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун “Толкун” маданий-эстетикалык борборунда Бүткүл дүйнөлүк студенттердин Эл аралык күнү жогорку деңгээлде белгиленди. Иш чарага КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Абдраева Айгүл Төлөковна жана окуу жайыбыздын ректору Иманбаев Аскар Асангазиевич студенттерди майрамы менен куттуктап, алдыңкы студенттерге “Ардак грамота”, “Ыраазычылык баракча” менен сыйлашты. Быйылкы окуу жылындагы өзгөчөлүк “Мыкты студент” деген төш белгиге татыктуу болгон он студентибиз төш белгиден сырткары күбөлүк менен кошо 5 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкка татыктуу болушту. Мындан сырткары он студентибиз алты ай бою ректордук стипендия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Куттуу окуу жайыбыз наамын алып жүргөн К.Тыныстановдун 120 жылдыгына карата өткөрүлгөн беш айлыкты жыйынтыктап, мыкты ролик, көркөм окуу, дил баяндардын эң мыктылары дипломдор менен сыйланышты. О.э 1-курстардын арасында өткөрүлгөн спартакиаданын жыйынтыгы менен спорттун жети түрү боюнча ректордун койгон 50 000 сом байгелери жеңүүчүлөргө тапшырылды. Бүгүнкү иш чара жагымдуу концерттик программа менен коштолду.