2021-жылдын 22-ноябрында ЫМУнун Толкун маданий-эстетикалык борборунда Колледждин биринчи курстарын “Студенттикке кабыл алуу” аземи болуп өттү. Аземдин башталышында университеттин окуу иштери боюнча проректору Токтакунов Жолдошбек Шамухамедович, Колледждин директору Абыласынова Гүлайым Изагалиевна куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, Колледжде өткөрүлгөн предметтик олимпиаданын жыйынтыгын угузуп, жеӊүүчүлөргө диплом, ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты. Андан соң күз майрамынын алкагында өткөрүлгөн “Алма Fest” конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, конкурстун жеӊүүчүлөрүнө Колледждин бүтүрүүчүсү, жеке ишкер Чапырашев Максат Баатырхановичтин спонсорлугу менен I, II, III (экөө) орунду алган тайпаларга акчалай сыйлыктарды жана жалпы жамаатка үн күчөткүч (усилитель звука) аппаратын белекке берди.
Аземдин экинчи бөлүгүндө студенттер арасында буга чейин жарыяланган “Алло, биз таланттарды издейбиз” кароо сынагынын жеӊүүчүлөрүнүн Гала концерти болду. Концертте Колледждеги жаӊы таланттардын тушоосу кесилип, залда отурган конокторго, окутуучуларга, студенттерге жагымдуу маанай тартууланды.