2021-жылдын 23-ноябрында Колледждин БиЭ-21, БиЭ-22 тайпалары куратору Жайнагүл Малгараева менен бирдикте «Ирада» үй-бүлөлүк балдар үйүнө кайрымдуулук иш чараларын жүргүзүп келишти .
Иш чаранын жүрүшүндө студенттер балдарга ар турдуу белектерди берүү менен жагымдуу маанай түзүп бере алышты . Мындан сырткары студенттердин жардамы менен балдар үйүнүн айланасындагы тазалоо, жыйноо иштери жүргүзүлдү.
Иш чаранын сонунда «Ирада» үй-бүлөлүк балдар үйүнүн жетекчиси А.К.Джумабекова студенттерге келечекте үй-бүлө күтүү , бала тарбиялоо, багытында чакан лекция өтүп берди.