К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинде 2021 – жылдын 26 – ноябрында “Башталгыч класстарда окутуу” жана “Чет тили” адистиктеринин 2 – курсунун студенттерине педагогикалык практикага Багыт берүүчү конференциясы болуп өттү. Конференцияга ЫМУнун Практика жана жумушка орноштуруу боюнча адиси Ж. А.Такырбашева, И. Бийбосунов атындагы педагогикалык колледжинин окутуучусу Д. Давлетова, практика жетекчиси: Н. Молдосанова, Каракол шаарындагы №5 жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын методисти Б. М. Алиева, Каракол шаарындагы №1 инновациалык гимназия-мектебинин мугалими К. Т. Айткулиева жана Ак-Суу районунун З. Сооронбаева атындагы Жолголот орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы
Ө.М.Өмүркалиевна келип катышып, студенттерге практика боюнча кеңири маалымат берип кетишти. Келген коноктор колледж менен мектептердин ортосундагы тыгыз байланыш дайыма болоорун жана буга чейин болуп келгендигин баса белгилеп кетишти. Биздин студенттердин практикасына ийгилик каалап, аталган мектептерге педагогикалык практикага келүүгө чакырып кетишти.