“3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө” карата К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун студенттик комитети кайрымдуулук жарманкесин уюштурушту. Бул жарманкенин артыкчылыгы ар бир факультеттин студенттик уюмунун жетекчилери өздөрү демилге көтөрүшүп, ысык чай, кофе жана тез татымдарын даярдап келишип, түшкөн акча каражаттарын окуу жайыбызда окуган мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерибизге жардам катары беришмекчи. Өткөрүлгөн жарманке студенттер, профессордук-окутуучулар жамааты колдоого алышып, ыраазычылыктарын билдиришти. Бүгүнкү иш-чара ушуну менен эле чектелип калбастан, мындан ары дагы көптөгөн жемиштүү демилгелер, иш-чаралар уюштурула тургандыгы тууралуу студенттик комитет билдиришти.