4-декабрь “Манас” эпосуна арналган улуу күн. Бул күндү К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун бардык факультеттери тегерек стол, кураторлук саат, адабий кече өңдүү иш чараларды алып барууну салтка айландырып алышкан. Жумалыктын жыйынтыгын окуу жайыбыздын филология факультетинин доценттери Н.Жумашова жана Ч.Толубаевалардын демилгеси менен Т.Сыдыкбеков атындагы областык китепканасында “Манас” -кыргыз рухунун туу чокусу” аталышындагы адабий-музыкалык кече өткөрүлдү. Адабий кечеге филология факультетинин студенттери С.Каралаевдин “Манас” айтууга чейинки “түш көрүүсү”, “аян берүүсүн” көркөм чагылдырган сценканы абдан жогорку деңгээлде чагылдырып беришти. Ошондой эле бул иш чарага Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын студенттери да активдүү катышып, өз өнөрлөрүн мыкты деңгээлде тартуулашты.