К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери 6-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматында экскурсияда болушту.
Кыргыз Республикасынын Президентинин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын кызматкерлери менен жолугушуу болду.
Жолугушуу учурунда өсүп келе жаткан жаштарга акыл-сөздөрүн айтышып, КР Президентинин Администрациясы тарабынан жүргүзүлүп келе жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
Жолугушууга катышкан студенттерге Президенттин Администрациясы тарабынан атайын белектер тапшырылды.