8-декабрь күнү К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде КР Акыйкатчысынын Ысык-Көл областындагы өкүлчүлүгү менен бирдикте 10-декабрь Адам укуктарын коргоо күнүнө карата семинар өттү. Семинарга КР Акыйкатчысынын орун басары Колопов А.С., Ысык-Көл областынын прокуратурасы, областын Ички Иштер башкармалыгы, укук коргоочулар, студенттер, окутуучулар катышты. 10-декабрь 1948-жылы кабыл алынган Адам укуктарынын Эл аралык Декларациясы студенттерге маалымат берилип, адам укуктарынын Конституцияда берилиши тууралуу айтылды. Конституцияда жазылган Адам жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерине контролду Акыйкатчы жүргүзөт. Укук коргоо органдарынын ар бир структурасынын аткаруу функциялары, миссиялары, жаштардын укуктары, милдеттери кенен айтылып өттү. Семинарда адам укуктары менен бирге милдеттери тууралуу илимий доклад окутуучу Качкынова Э. тарабынан жасалды. Семинарда жалпы дүйнөлүк адам укуктары боюнча мазмундуу жана таасирдүү маалыматтар берилди.