2021-жылдын 8-декабрында ЫМУнун колледжинин табигый илимдер жана техникалык дисциплиналар бөлүмүнүн “Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системаларды программа менен камсыздоо” адистигинин мугалимдери менен студенттери “Бүгүнкү илим – бул эртеңки технология” деген темада программистер күнүнө карата иш чара өткөрүштү.
Иш чарага ЫМУнун окуу иштери боюнча проректору Токтакунов Ж.Ш., колледждин директору Абыласынова Г. И., мугалимдер, студенттер жана иш чарага чакырылган иш берүүчүлөр, “Инфоком” мамлекеттик ишканасына караштуу Каракол шаарындагы калкты тейлөө борборунун оператору Таалайбеков Эрлан Таалайбекович, Ак-Суу районуна караштуу К.Токоев жалпы орто билим берүү мектебинин директору Атабаев Улан Мелисович жана Финка банктын менеджери Эшенов Данияр Дөөлөткелдиевич да келип студенттер менен баарлашуу жүргүзүшүп, каалоо-тилектерин айтышып, мындан аркы окууларына ийгилик каалап, ыраазычылыктарын билдирүү менен дипломдорду тапшырышты.