К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окумуштуу-филолог, манастаануучу, лингвист, фольклорист, котормочу, жазуучу, СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз ССРинин билим берүүсүнүн отличниги Зияш Бектеновдун 110 жылдыгына карата “Эл үчүн жанын кыйып, кылган кызмат, Залкарга түбөлүк болсун урмат!” деген темада иш чара болуп өттү. Иш чараны ф.и.к.,доцент Койлубаева Айгүл Кадырбековна ачып, агайдын өмүрү жолуна кеңири токтолуп, андан соң 3-курстун студенттери менен сабак- аукцион өткөрдү. Иш чара жогорку деңгээлде өткөрүлүп, жыйынтыгында студенттер ЫМУнун Ардак грамотасы менен сыйланышты.