2021-жылдын 9-декабрында кыргыз элине ошондой эле дүйнөгө аты чыккан “Залкар жазуучу Чынгыз Айтматов “-деген аталышта КП-22 тайпасы тарабынан уюшулган иш чара өтүлдү. Иш-чарада Чынгыз Айтматовдун алтын калемине таандык “Бетме-бет”, “Кылым карытар бир күн”, “Эрте келген турналар,”Жамийла”,”Кыямат”,”Саманчынын жолу”,”Биринчи мугалим”,”Кызыл алма”,”Ак кеме” деген повестеринен, романдарынан үзүндү коюлуп, иш чара мыкты деңгээлде болуп өттү.