2021-жылдын 10-декабрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун колледжинин “Экономика жана бухгалтердик эсеп” жана “Финансы тармактары” боюнча адистигинин студенттери Ысык-Көл областынын статистика башкармалыгына ачык эшик күнүнө карата уюшулган конок лекциясына катышып келишти. Лекцияны Ысык-Көл областынын статистика башкармалыгынын директору Искатов Улан Тукашевич ачып берип, андан соң статистика башкармалыгынын бөлүм башчылары жасап жаткан иштери тууралуу терең маалымат беришти.