2021-жылдын 14,15-декабрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Филология, Экономика, туризм жана тарых факультеттеринин окутуучуларына жана колледждин мугалимдерине эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы И.Иманакунова Азат Исраиловдун автордук программасы боюнча «Грант тартууга киришүү» тренингин өттү. Алгач тренингдин катышуучуларына АКСЕЛСтин колдоосу менен жана КРда АКШнын элчилиги тарабынан каржыланган connect4grants долбоорунун алкагында грант тартуу боюнча Каракол шаарында өткөн тренинг тууралуу кыскача маалымат берилди. Тренингдин негизги бөлүгүндө грант жазуудагы негизги кадамдар жана долбоорду иштеп чыгуу боюнча Азат Исраиловдун автордук 3 дарак ыкмасы тааныштырылып, практикалык тапшырмалар аткарылды. Тренингке 50 катышуучу катышты.