К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети жана Ысык-Көл областык Ардагерлер кеңеши менен бирдикте “Диний экстремистик уюмдардын жаш муундарга тийгизген терс таасири” деген аталыштагы тегерек стол өткөрдү. Иш чарага катышкан коноктор: Ысык-Көл облусунун казысы -Сагындыков Алмаз Шаршенбаевич, ОИИБнын 10 бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын лейтенанты -Султанов Элеман Токтосунович, ЫМУнун кураторлору, студенттер. Тегерек столдо катышып жатышкан кураторлор жана студенттер бүгүнкү тема боюнча кызыктуу суроолорду беришип, абдан чоң талкуу болду. Иш чаранын соңунда бүгүнкү тегерек столго мейман болуп келишкен өкүлдөргө терең ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы бул темада көп-көп жолугушууларды, түшүндүрүү иштерин биргеликте жүргүзүп турууну пландаштырылды.