2021-жылдын 15-декабрында, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун филология факультетинин “Кыргыз тили жана адабияты” адистигинин КФ-21, КФ-31 тайпалары тарабынан “Улуттук адабият күнүнө” арналган “Кыргыз адабияты – улуу көчтүн уланышы” аттуу адабий кече өткөрүлдү.
Адабий кече элдик оозеки чыгармачылыктан тартып профессионалдык адабиятка өсүп жеткен кыргыз адабияты боюнча видеопрезентация менен башталып, андан кийин эки залкар – Алыкул Осмонов менен Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнөн фрагменттер, чыгармаларынан алынган үзүндүлөр менен уланды. Иш чарада Алыкулдун балалык чагы, белгилүү акын болуп таанылган кези, Ч.Айтматовдун “Ак кеме”, “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу”, “Бетме-бет”, “Фудзиямадагы кадыр түн” чыгармаларынан эпизоддор коюлду. Ошондой эле жазуучунун акыркы чыгармасы “Тоолор кулаганда” романынан үзүндү, Алыкул менен Чыңгыздын баарлашуусу сахналаштырылды. Ырлар көркөм окулду, Алыкул Осмонов менен Чыңгыз Айтматовдун сөзүнө жазылган обондуу ырлар ырдалды.
КФ-21, КФ-31 тайпаларынын студенттери ролдорду ийине жеткире аткарышып, талантын, мыкты даярдыгын көрсөтүшүп, көрүүчүлөрдүн жан дүйнөлөрүнө рухий азык тартуулай алышты.
Кеченин соңунда К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун тарбия иштери боюнча проректор Б.Атыгаев, филология факультетинин деканы У.Кадыркулова сүйлөшүп, иш чаранын даярдалышы, жасалгаланышы жана студенттердин аткаруучулук чеберчиликтери боюнча жакшы пикирлерин айтышып, тайпалардын студенттерине жана куратору Ж.Түмөнбаевага ыраазычылык билдиришти.