16-декабрда ОшМУнун ички мобилдүүлүк боюнча окуп жатышкан студенттердин демилгеси менен К.Сактановдун «Маркумдар үнү» чыгармасы боюнча китеп сынагы болуп өттү. Сынактын максаты : студенттер арасында ынтымакты бекемдөө, тарыхка болгон кызыгуусун арттыруу, мекенчилдикке тарбиялоо,  студенттердин бош убактысын туура пайдаланууну уюштуруу, интелектуалдык ой жүгүртүүсүн өстүрүү.  Сынакка 6 команда катышып өз күчтөрүн сынашты. Байге фонду 15000 сом каралган. 1-орун 5000с, 2-орун 4000с, 3-орун 3000с, калган орундарга кызыктыруучу сыйлыктар коюлган. Жыйынтыгында 1-орунду педагогикалык факультеттин «Асылдар», 2-орунду филология факультетинин «Таберик», 3-орунду экономика, тарых жана туризм факультетинин  «Келечек» командалары жеңишке жетишишти. Ошондой эле ОшМУнун студенттери да   ЫМУнун “Ыраазычылык баракчасы”  менен сыйланышты.