Бүгүн, 2021-жылдын 21-декабрында, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун кыргыз тили жана адабияты кафедрасы онлайн конок лекция уюштуруп, ага Коркыт Ата атындагы Кызылорда мамлекеттик университетинин казак тили, адабияты жана журналистика кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Шанжархан Бегмаганбетов “Кыргыз тили жана адабияты” адистигинин студенттери, магистранттары жана окутуучулары үчүн “Тилдик тыбыштардын генетикалык лингвистика боюнча кабылдоолору” деген темада лекция окуп берди.
Лекцияда тил илиминдеги жана генетикалык тил илиминдеги тыбыш, фонема, үндүү, үнсүз тыбыштар маселелери каралып, алардагы илимий көз караштар салыштырылып берилди. Катышып отурган окутуучулар, студенттер жана магистранттар үчүн айтылган теориялык көз караштар кызыктуу жана пайдалуу болду. Онлайн лекциянын аягында айрым маселелер суроо-жооп менен талкууланып, эки университеттин жамаатынын ортосунда жылуу пикир алмашуу болду.
Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынан профессор А.Т.Дунканаев, доцент Н.А.Жумашова илимий терең мазмундуу лекциясы үчүн доцент Шанжархан Бегмаганбетовго ыраазычылык билдиришип, кызматташтык мындан ары да улана берерин баса белгилеп кетишти.