Жаңы жылдын астында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун жатаканада жашаган студенттерине ректор Аскар Асангазиевич Иманбаевдин демилгеси менен проректорлор, факультеттердин декандары жана директорлорунун катышуусунда жаңы жылдык чакан белектер берилди. Аскар Асангазиевич өз сөзүндө студенттерди келе жаткан жаңы жыл менен куттуктап, сессияларын ийгиликтүү тапшырып, жаңы жылда жаңы жетишкендиктерди каалады жана университетте студенттер жана профессордук-окутуучулук курам эң негизги жана маанилүү түзүмдөрү экенин белгиледи.Студенттер өз кезегинде терең ыраазычылыктарын билдирип, жаңы жылдык куттуктоолорун айтышты.