2021-жылдын 22-декабрында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ушул окуу жылында TİKA тарабынан каржыланып, ишке берилген түрк тили борборунда түрк тили курсунун кезектеги угуучуларына сертификаттар тапшырылды. Бул курстар TÖMER түрк тилин окутуу борбору менен ЫМУнун ортосундагы келишимдин негизинде 2019-жылдан бери ишке ашууда. Окутуучу TÖMER түрк тилин окутуу борборунун волонтеру Мехмед Али Каплан. Курстарга университеттин окутуучу студенттеринен тышкары Каракол шаарынын тургундары да катышып келет.