2021-2022-окуу жылында ЫМУнун структурасы оптимизацияланып, факультеттерде өзгөрүүлөр болгон. Кыргыз филология, орус филология жана чет тилдер бөлүмү биригип Филология факультети түзүлгөн. Жаңы жылдын астында филология факультетинин жамааты ЫМУнун башка структураларына ачык эшик күнүн өткөрүп, маданият аралык кызыктуу иш чараларды уюштурду.