Ош мамлекеттик университетинен академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча 2021-2022-окуу жылынын күзгү семестрине Филология факультетине келген студент кыздарыбызга сертификаттар жана чакан жаңы жылдык белектер тапшырылды. Студенттерибиз университеттин администрациясына, Филология факультетинин жамаатына, Аскар Асангазиевичке, Кыял Айбашевнага өзгөчө колдоо көрсөткөнү үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти. Аны менен бирге ЫМУнун ОШМУда күзгү семестрде окуп келген студенттерибиз да аман эсен келип бизди кубандырышты.