2021-жылдын 24-декабрында ЫМУнун жамааты үчүн жаңы жылдык салтанат уюштурулду. Концерт Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын эл аспаптар ансамблинин коштоосунда жандуу үн менен болду. Андан тышкары университетибиздин легендарлуу “Толкун” ыр бий тобунун 80-жылдардагы катышуучулары да келип куттукташты. Концерттен соң ЫМУда 2021-жылы аткарылган иштер тууралуу презентация көрсөтүлүп, ведостволук сыйлыктар тапшырылды жана жалпы коллективди жылдын жыйынтыгы менен акчалай сыйлоо тууралуу ректордун буйругу тааныштырылды.