2022-жылдын 28-январында «Инновациялык агро борбор» расмий ачылды.

Жаштардын ишкердикке багытталган долбоорлорун жана демилгелерин колдоо аркылуу жаштардын жана кыз-келиндердин ишкердик чеберчилигин жогорулатуу, ошондой эле ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү долбоору 2022-жылдын 28-январында К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик Университетинде «Инновациялык агро борбор» расмий ачылды. Борбордун ачылышы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгү тарабынан колдоого алынып, Энактас Кыргызстан тарабынан ишке ашырылып жаткан «Жаш Табышкер» проектисинин алкагында жүргүзүлдү. Борбор Каракол шаарынын тургундары үчүн сунуштап жаткан мультимедиалык жана креативдүү мейкиндиги, лекция жана ар түрдүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрү менен уникалдуу. Борбордун ачылыш аземине Энактас Кыргызстандын,жергиликтүү билим берүү уюмдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү жана К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун жамааты катышты. Алгач К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору А.А.Иманбаев катышуучуларды борбордун ачылышы менен куттуктап, Энактас Кыргызстан уюмуна ыраазычылыгын билдирди. Инновациялык агро борбордун ачылышы биздин университет жана шаарыбыз үчүн маанилүү окуя болуп саналат. Борбор, шаарыбыздын тургундарына уникалдуу долбоорлорун ишке ашырууга, билим берүү жана көңүл ачуу багытындагы иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Сунушталганчечимдердин негизин борборлордун толук материалдык-техникалык жабдылышы болуп саналат.Келечекте борбор айыл-чарба, билим берүү жана бизнес багытындагы даяр чечимдерди сыноо жанаишке киргизүү үчүн аянт болуп калат.Иш-чаранын алкагында меймандар борбордун функционалдык өзгөчөлүктөрү жана ишкердикке багытталган долбоорлорду жана демилгелерди колдоого багытталган гранттык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, Энактас Кыргызстандын өкүлдөрү борбордун мынданаркы иш планы, шаардын жана областтын тургундары менен иш алып баруусун ачыкташты. Иш чаранын алкагында математиканы жана информатиканы окутуунун усулу кафедрасынын окутуучусу Жанара Кооманова Trello тиркемесин колдонуу боюнча мастер класс өтүп, катышуучулар ордунда колдонууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле бардык меймандар үчүн кофе-брейк жана университеттин корпустарына экскурсия уюштурулду.