Эшмамбетова Нурайым Мукамбетованын “Өткөөл мезгилден кийинки кыргыз романдарында тарыхый чындыктын көркөм интерпретацияланышы” деген аталыштагы диссертациясы боюнча онлайн отурум талкуу болуп өттү.

2022-жылдын 28-февралында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Кыргыз тили жана адабияты кафедрасына жетектөөчү мекеме катары Эшмамбетова Нурайым Мукамбетованын 10.01.01 – кыргыз адабияты адистиги боюнча филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазган “Өткөөл мезгилден кийинки кыргыз романдарында тарыхый чындыктын көркөм интерпретацияланышы” деген аталыштагы диссертациясы боюнча онлайн отурум талкуу болуп өттү. Алгач сөз диссертант Эшмамбетова Нурайым Мукамбетовага берилип, диссертант кыргыз адабиятынын тарыхындагы алгачкы романдарда тарыхый чындыктын интерпретацияланышы тууралуу кеп кылуу менен, М.Элебаевдин ”Узак жол”, Т.Сыдыкбековдун “Кең-Суу”, К.Жантөшевдин “Каныбек” сыяктуу романдары тарыхый чындыкты интерпретациялоонун башатында турган чыгармалар болгондугун кыскача айтып берди. Диссертант Н.М.Эшмамбетованын сөзүнөн кийин кафедра мүчөлөрү ф.и.д., проф. А.Э.Абдыкеримова, ф.и.к., доц. К.А.Асаналиева, ф.и.к., доц. Ч.Д.Толубаева ж.б. чыгып сүйлөп, иштин мазмуну боюнча суроолор берилди. Талкуунун жыйынтыгында, диссертантка өз пикирлерин билдирүү менен, ишине ийгилик каалашты.