“Башталгыч билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору”

1 март куну “Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү” кафедрасы тарабынан мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери менен тегерек стол уюштурулду. Тегерек столдун темасы “Башталгыч билим берүүдөгү көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору” деп аталды.
Жыйындын башында кафедранын доценти Байтикова Тилек Аянбаевна учурашуу жана таанышуу сөзү менен баштап, тегерек столдун жүрүшүндө кандай темалар карала турганына токтолду.
Андан ары жолугушуунун катышуучулары менен төмөнкү темалар талкууланды:

  1. Билим берүү процессиндеги ченемдик документтер;
  2. Педагогика адистиги боюнча кадрларды даярдоонун сапаты;
  3. Шаар мектептери менен К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун кызматташуусу;
  4. Башталгыч класстарда инклюзивдик билим берүү;
  5. Башталгыч класстардын мугалимдерин усулдук камсыздоосу.
    Тегерек столдун жыйынтыгында төмөнкү резолюция кабыл алынды:
  • жолугушууларды системалуу түрдө өткөрүү жана кызматташуу маселелерин талкуулоо;
  • Каракол шаарындагы мектептерди Педагогика факультети, атап айтканда «Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү» кафедрасы тарабынан усулдук камсыздоого көмөк көрсөтүү.
  • ата-энелер менен иштөө боюнча аракеттерди багыттоо;
  • мектептердин жана бөлүмдөрдүн инклюзивдик билим берүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү.