“Химиялык элементтер дүйнөсүнө саякат”

2022-жылдын 1 – мартында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Кол мамлекеттик университетинин Физика-математикалык жана табигый-техникалык факультетинин “ Табигый илимдер” кафедрасынын окутуучулары Тумар Сагынбекованын жана Надежда Емцованын демилгелери менен “Химия” профилинде окуган студенттер Д.И.Менделеевдин мезгилдик системасынын 153-жылдыгына карата “Химиялык элементтер дүйнөсүнө саякат” аттуу студенттер арасында интеллектуалдык оюн уюштурду. Оюндун жүрүшүндө абдан кызыктуу суроолор, кроссворддор, химиялык элементтерге байланыштуу табышмактар берилди.Соңунда жеңүүчүлөргө грамота, белектер тапшырылды.