ЫМУнун студенттери Каракол шаардык кеңештин иши менен таанышып келишти.

2021-жылдын 1-мартында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Тарых, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кафедрасындагы “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” адистигинин ГМУ-11 тайпасынын студенттери Каракол шаардык кеңештин иши менен таанышып, окуу жайдан алган теориялык билимин практика жүзүндө бекемдеп келишти. Төрага Акимканов Туратбек Жакшылыкович студенттер менен шаардык кеңештин жыйын залында Каракол шаарынын өнүгүүсү үчүн алдыга коюлган пландар менен бөлүшүп, студенттерге накыл – сөздөрүн, кеп-кеңешин айтып, окууларына ийгилик каалап өттү. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы Майрыков Эрмек Авенович экскурсия уюштуруп, бөлүмдөрдүн иши менен тааныштырып кеңири маалымат берди.