“Мамлекеттик символдор-улуттук байлыктар”

2022-жылдын 2-мартында Ысык-Көл Мамлекеттик Университетинин “Экономика, туризм, тарых” факультетинин Т-21 жана Э-21 тайпаларында “Мамлекеттик символдор-улуттук байлыктар” 3-март Кыргыз Республикасынын желегинин күнүнө арналган куратордук саат өткөрүлдү. Максаты: Кыргыз Республикасынын символикалары жөнүндө студенттерге тереңирээк маалымат берүү, патриоттук сезимди ойготуу, Ата-Мекенди сүйүүгө аны менен сыймыктанууга тарбиялоо.Куратордук сааттын жүрүшүндө видеороликтер, слайд-презентация, группалык оюндар ойнотулду.Т-21жана Э-21 тайпаларынын куратору Борубаева И.И. студенттерди мамлекеттин символикаларын ыйык сактап, ата-бабадан калган каада-салтты үйрөнүп, билим-тарбияга ээ болуп, көп улуттуу эл менен достукта, ынтымакта жашап өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымды кошууга чакырды.