Мамлекеттик тил борбору

Мамлекеттик тил борбору 2010-жылы түзүлгөн. Борбордун негизги максаты – Ысык-Көл облусунда мамлекеттик тилди бекемдөө, өнүктүрүү, колдонууну кеңейтүү, ЫМУда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү камсыз кылуу, ошондой эле:

– чет өлкөлүк студенттер жана лингвистикалык эмес факультеттердин студенттери үчүн кыргыз тили курстарын уюштуруу;

– кыргыз тилинин адабий нормасына ылайык кулактандыруулардын, көрсөткүчтөрдүн тексттерин жана котормолорун жазууну жана аларды тиешелүү органдарга сунуштоону камсыз кылуу;

– орус тилдүү топтордо кыргыз тили боюнча сабактардын электрондук базасын түзүү;

– мекемелер, уюмдар менен котормо иштерин жүргүзүүгө келишимдерди түзүү жана мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү боюнча атайын класстарды, курстарды уюштуруу;

– мамлекеттик тилди чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;

Борбор жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо максатында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын бөлүмүнүн  негизинде, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын III главасынын, негизинде , Кыргыз Республикасынын Президентинин №155 Жарлыгы менен, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын позициясы мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жайылтуу жана башка улут өкүлдөрүнүн кызыгуусун арттыруунун алкагында олуттуу иштерди аткарууда.

Функционалдык милдеттер.

– Университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүндө тарбия иштерин пландоо, координациялоо жана контролдоону башкаруу;

– Тарбиялык иштерди жүзөгө ашырууда түзүмдүк бөлүмдөрдүн администрациясы менен биргелешкен иш-чараларды координациялайт;

– «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу;

– Университеттин түзүмдүк бөлүмдөрүндө иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү көзөмөлдөө;

– Мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу максатында өткөрүлүп жаткан ар кандай маданий-массалык, илимий-практикалык иш-чаралардын жүрүшүн көзөмөлдөө;

– Директорлордун орун басарларынын, декандардын жана коменданттардын тарбия иштери боюнча ишин көзөмөлдөө;

– Университеттин медициналык борборунун ишин, медициналык кароону уюштурууну, окутуучуларды жана студенттерди эмдөөдөн өткөрүүнү көзөмөлдөө;

– Студенттерди жатаканага көчүрүү жана чыгарууда коменданттын жана паспорттук кызматкердин ишин көзөмөлдөө;

– Массалык-маданий, спорттук жана эс алуу иш-чаралары менен алектенген түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин көзөмөлдөө;

– Студенттик уюмдардын иштерине жетекчилик кылуу;

– Ар кандай максатта түзүлгөн фонддордун ишин көзөмөлдөө.

Окуу иштери жана мамлекеттик тил боюнча проректор.

Атыгаев Бактыбек Исаевич. Билими жогорку, Кыргыз мамлекеттик улуттук университети (КМУУ), адистиги: филолог-педагог.

Эмгек стажы – 26 жыл.

Дарек: Ж.Абдрахманов көч. 103.

2 корпус ИГУ, бөлмө 307

Тел: 03922 50836