Туристтик маалымат борбору

Туристтик маалымат борбору (ТИК) Каракол шаарынын борборунда жайгашкан жана Европа Комиссиясынын алдында түзүлгөн, анын негиздөөчүсү К.Тыныстанов атындагы  Ысык-Көл мамлекеттик университети болуп саналат. ТИК – экономика, орус филологиясы жана чет тилдер, туризм факультеттеринин студенттери волонтер катары иштеген уюм.

Биздин борбор туристтерге жардам берет:

♦ жатаканага жайгаштыруу, тамактануу, жабдууларды ижарага алуу;

♦ туристтерди гиддер, жүк ташуучулар менен камсыз кылуу;

♦ кооз жерлер, жаратылыш эстеликтери, тоо капчыгайларынын жолдору жөнүндө маалыматтарды берүү;

♦ шаар жана тоо капчыгайлары боюнча экскурсияларды уюштуруу;

♦ келүүчүлөргө мүмкүн болуучу жарманкелер, туристтик иш-чаралар жана фестивалдар жөнүндө маалымат берүү;

♦ гид, жүк ташуучу, ашпозчу, айдоочу менен камсыз кылуу.

Дареги: Каракол ш., Ю.Абдрахманов, 130

Тел.: +9963922 52341