Кыргыз – Араб билим берүү борбору

ЫМУ менен Ала-Тоо өнүктүрүү борборунун ортосундагы келишимдин негизинде кыргыз-араб маданий-агартуу борбору 2013-жылдын 12-сентябрында ачылган.

Аталган борбор студенттерге араб тилин жана анын маданиятын үйрөтүү максатында түзүлгөн. Студенттер жаңы технологиялардын жардамы менен тил билимин алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Борбордо интернет байланышы бар, компьютердик жабдуулар, Wi-Fi, телевизор, проектор, DVD менен камсыз кылынган, ошондой эле өзүнүн китепканасы бар. Окуу мезгилинде тилди тез жана оңой өздөштүрүү үчүн студентке арабдардын күнүмдүк жашоосу, араб тарыхы жана маданияты тууралуу видео жана башка маалыматтарды камтыган кызыктуу материалдар берилет. Ошондой эле студенттер араб грамматикасын, морфологиясын жана орфографиясын изилдеп, фразеологиялык бирдиктерди үйрөнүшөт. Борбор менен кызматташуунун аркасында тренингдер, ошондой эле “Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы дүйнө маданияты” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Адрес: Каракол ш., Ю.Абдрахманов көч. 103, № 315 каб.

Тел.: +9963922 52137