Толкун маданий-эстетикалык борбору

«Толкун» маданий-эстетикалык борбору жаштардын дүйнөсүндө ынтымакты чыңдоо, патриоттук сезимдерди арттыруу, руханий баалуулуктарды сактоо жана жогорулатуу, студенттердин маданиятын жогорулатуу максатында ачылды. Борбордо 3 студиялык класс жана 350 орундуу зал бар.

Борбордун негизги милдеттери:

  • жаштардын маданий, эстетикалык, адеп-ахлактык жана жүрүм-турум баалуулуктарын калыптандыруу жана өнүктүрүү;

  • студенттердин чыгармачылык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү;

  • таланттуу студенттерди издөө, алардын чыгармачылык жактан өсүшүнө көмөк көрсөтүү;

  • дүйнөлүк жана улуттук маданияттын баалуулуктарын калыптандыруу жана гуманисттик багытка багыт алуу;

  • Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин университеттери менен чыгармачылык, достук мамилелерди өнүктүрүү;

  • элдик чыгармачылык иш-чараларды, фестивалдарды, сынактарды, көргөзмөлөрдү ж.б. өткөрүү.

Дарек: Каракол ш., Коенкөзов көч., 60

Тел: 0 3922 52207