ЫМУнун студенттери Юристанбек Шыгаевдин музейине саякат жасашты.

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин «Көркөм сүрөт» адистигинин студенттери Кажы-Сай аймагындагы Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин көркөм сүрөт өнөрү боюнча ачылган жеке музейине барып келишти.

Юристанбек Шыгаев алгач жогорку билимин мурдагы Пржевальск педагогика институтунун көркөм-графикалык факультетинде баштаган. Ал жакта 2 жыл окуган соң, ушул эле институттун жолдомосу менен Санкт-Петербург шаарындагы Герцен атындагы педагогика институтунун көркөм-графикалык факультетинде окуусун уланткан. Кийин И.Е.Репин атындагы Архитектура инститтунуна которулуп, 1984-жылы бүтүргөн.

Эмгек жолун К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окуутучулук кызматында баштаган. Ошондой эле 1984-1985-жылдары Кыргыз ССРинин көркөм фондусунун (Пржевальск) көркөм-өндүрүштүк цехтеринде иштеген. 1985-жылы СССРдин эл сүрөтчүсү Т.Садыковдун жетекчилиги менен СССР Көркөм академиясынын чыгармачылык сүрөт устаканасында аспирантурасын аяктаган.

80-жылдары сүрөтчү графика тармагында чоң ийгиликтерге жетишкен. Ал ар кандай графикалык ыкмаларды — түстүү линогравюра, карандаш менен тартуу жана акварельди мыкты өздөштүргөн. Шыгаевдин 90-жылдардагы чыгармалары — кыргыздардын салттуу искусствосунун образдарынын жана Манастын чындыктарына жол тапкан эпизоддорунун татаал конгломерациясы, символу, белгиси. Идеясына жараша абстракттуу жана образдуу жазуу ыкмаларын колдонуп, өз дүйнөсүн түзөт.