Кыргыз-түрк билим берүү борбору

Кыргыз-түрк маданий-агартуу борбору 2021-жылдын 17-октябрында ТИКА (Түрк Кызматташтык Агенттиги) каржылоосу менен ачылган. 

Аталган борбор студенттерге түрк тилин жана анын маданиятын үйрөтүү максатында түзүлгөн.

Студенттер жаңы технологиялардын жардамы менен тил билимин алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Борбор интернет байланышы, компьютердик жабдуулар, Wi-Fi, интерактивдүү доска жана өзүнүн китепканасы менен жабдылган. Борбордо 2 окуу бөлмөсү жана мугалимдер кабинети бар. Окуу мезгилинде тилди тез жана оңой үйрөнүү үчүн студентке түрктөрдүн күнүмдүк жашоосу, түрк тарыхы жана маданияты тууралуу видеотасмалар жана башка маалыматтар камтылган кызыктуу материалдар берилет. Ошондой эле студенттер түрк грамматикасын, морфологиясын жана орфографиясын изилдеп, фразеологиялык бирдиктерди үйрөнүшөт.

 

Дарек: Каракол ш., Ю.Абдрахманов көч. 103, № 327 каб.