«Жаш Табышкер» долбоорунун гранты боюнча консультация болуп өттү.

2022-жылдын 12-мартында К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун Инновациялык агро борборунда «Жаш Табышкер» долбоорунун гранты боюнча консультация болуп өттү. Энактас Кыргызстан программасынын менеджери Камила Чурукова катышуучуларды долбоор жана «Жаш табышкер» гранттык мүмкүнчүлүгү менен тааныштырды. Агроөнөр жай тармагынын адис-практиги Кулжан Эмилжановна ийгиликтүү агродолбоорлор тууралуу айтып берди. Презентациялардын соңунда катышуучулар кызыккан суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүк алышты.«Жаш табышкер» долбоору 18 жаштан 35 жашка чейинки аймактагы жаштар үчүн агро өнөр жайда киреше алып келүүчү мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.Долбоор Энактас Кыргызстан тарабынан Европа Биримдигинин Демократияны өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо программасынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.