“Нооруз – 2022” майрамдык иш-чарасы

Алас-алас, Ар балээден калас деп байыртадан бери кыргыз эли Нооруз майрамында тилек кылып келишкен. Бугун 18-мартта ушундай тилектерди айтып, жашоонун улуу көчүн, жаркын көчүн бирге улап, филология факультетинин ИА-11 тайпасынын студенттери чакан концерт тартуулашты. Группанын куратору Жумагулова Фарида Мусакадыровна жалпы жамаатты келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктап, каада-салтыбызды урпактарга өткөрүп, маданиятыбызды кийинки муундар улап кетүүсүнө өбөлгө бололу деп каалоо-тилектерин айтты.